БШК “Ата-Мекен” партиясынын тизмесинен 4 талапкерди чыгарды

27 декабря 2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында өз каалоосу боюнча арыздарынын негизинде Узакбаев Талант Макишовичти, Балтабаев Ташполотту, Мирзаматов Рысбек Мамыровичти жана Шер Болотту “Ата-Мекен” саясый Социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

КР БШК  аппаратынын маалыматтык бөлүмү