Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун жыйналышы болуп өттү
19 декабря 2019
19-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Иш-чарага ар кыл мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Талкуунун максаты – шайлоочулардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда өз ара аркеттешүүсүн иштеп чыгуу.
Жыйналышта күн тартибине ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы бир катар өзгөртүүлөрдү, керектөө картасын түзүү долбоорун, ошондой эле жеткиликтүүлүк маселеси боюнча шайлоо участокторуна байкоо жүргүзүүнүн арадагы натыйжалары талкууланды.
Жумушчу тобу тарабынан “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо жөнүндө” жоболорго өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу айтылды.
КР БШКсынын маалыматтык бөлүмү
