Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

19 декабря 2019

КР БШКнын 2019-жылдын 19-декабрдагы токтому менен Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 8-январына саат 9-00дөн 12-00ге чейин дайындалды.

Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 27-сентябрындагы №17 К буйругу менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Нишанбаев Тургунбай «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү