Жалал-Абад жана Нарын облустарынын эки айыл өкмөтүндө кайра шайлоо 31-декабрга дайындалды

18 декабря 2019

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өтпөй калгандыгына байланыштуу 2019-жылы 18-декабрда КР БШК аталган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону 2019-жылдын 31-декабрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындады.

Талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн депутаттардын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн, бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өтпөй калды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү