КР БШК жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

18 декабря 2019

2019-жылы 18-декабрда КР БШК Аксы, Ала-Бука, Араван, Кара-Суу жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Төмөнкү депутаттар өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:

Жалал-Абад облусу:

Байгондуев Заирбек (Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Назарбеков Анаралыга өткөрүп берилди.

Абдиназаров Чолпонбай (Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Камчибеков Айбекке өткөрүп берилди.

Ош облусу:

Мамадалиев Оринжан (Араван районунун Тепе-Коргон айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Арзиев Ахмадалиге өткөрүп берилди.

Мамасидик уулу Наврузбек (Араван районунун Тепе-Коргон айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Исакова Махигулгө өткөрүп берилди.

Туркменов Джалалдин (Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Иминов Садиржанга өткөрүп берилди.

Талас облусу:

Абдиев Рамил (Кара-Буура районунун Бакайыр айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Зооталиев Бактиярга өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү