Үч-Коргон жана Ак-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өтпөй калды
17 декабря 2019
“Бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттардын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды. Депутаттардын жалпы санынан 28и катышып, үчөө катышкан жок.
Үч-Коргон айылдык кеңешиндеги 13 депутат “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш берди. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган. Талапкер Ж.К.Алымкулов үчүн 10 депутат добуш берди, экинчи талапкер А.А.Эшалиев 5 добуш алды.
Бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык КР БШК тарабынан кайра шайлоо дайындалат, ал шайлоодо жаңы талапкерлер көрсөтүлөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
