Адам укуктарынын эл аралык күнү

10 декабря 2019

Бүгүн БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Адам укуктарынын Жалпы декларациясы кабыл алынганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү борборунда USAIDдин каржылык колдоосу алдында Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун (IFES)  КРдеги өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган адам укуктары боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарга борбордогу ЖОЖдордун студенттери жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар катышты.

Иш-чараны ачып, КР БШК Төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов анын маанилүүлүгүн төмөнкүчө белгиледи:

“Адам укуктарынын Жалпы декларациясы маанилүү, жалпыга маалым, негиз түзүүчү документ болуп саналат, себеби – жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактоого чакырган документ, ал укук тармагындагы адистердин өз ара тыгыз аракеттешүүсүнүн натыйжасы болуп саналат”.

IFESтин КРдеги директору Рената Левовски дагы куттуктоо сөзүн сүйлөп, добуш берүү укугу омоктуу саясый укук жана адам укугу болуп саналарын, чыныгы демократия ар бир жаранга өз өлкөсүнүн саясый жана демократиялык процесстерине толук деңгээлде катышууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Семинардын программасына төмөнкү үч презентация киргизилген: адам укуктары жана адам укуктары институтунун калыптануу тарыхы, шайлоо укуктары, Кыргызстандагы шайлоо тутумунун стандарттары жана өзгөчөлүктөрү.

Активист Айпери Аралбаева коомдук инфратүзүмдөрдүн жеткиликтүүлүгүнө жана Бишкек шаарында пандустарды орнотуу боюнча ченемдердин сакталышына байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары тууралуу жаштар менен ой бөлүшту.

Семинардын катышуучулары “Quiz” оюнуна катышып, алган билимдерин бекемдешти. Оюндун жүрүшүндө интернет, мобилдик телефон ж.б. гаджеттерди колдонууга тыюу салынды. катышуучулар адам укуктары боюнча 12 суроого жооп беришти. Оюндун жеңүүчүлөрү бул иш-чараны уюштуруучулардан баалуу байгелерди алышты.

Соңунда студенттер үчүн КР БШКнын имаратында тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлдү.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү