Кезектеги парламенттик шайлоого катышуу үчүн саясый партиялар мыйзам менен берилген мөөнөттө каттоодон өтүүгө тийиш

06 декабря 2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жана/же кайра каттоодон өткөн саясый партиялар ээ болорун билдирет.

Ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын 59-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык “Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күн калгандан эрте эмес жана 90 календардык күн калгандан кеч эмес дайындалат. Учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшемби күнү добуш берүү күнү болуп саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Добуш берүүнүн натыйжасында ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган күн Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп саналарын” белгилейбиз.

Мыйзамдын ушул жоболорунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалышы мүмкүн, ал эми аны дайындоо жөнүндө чечим 2020-жылдын 26-июну менен 6-июлдун аралыгындагы мезгилде кабыл алынышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоого катышууга ниеттенген саясый партиялар парламенттик шайлоого катышуу үчүн мыйзам менен берилген шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө каттоодон жана/же кайра каттоодон өтүүгө тийиш.

Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесине ылайык “Аткаруу бийлигинин саясый партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (Юстиция министрлиги – эск.) каттоодон өткөн саясый партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясый партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары расмий жарыялануучу булактарга тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет”.

Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясый партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү