2019-жылы 2-декабрда Кызыл-Суу жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү

02 декабря 2019

2019-жылы 2-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу жана Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

15 добуш алган Шамырканов Мирбек Турдубекович Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын 15и катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 1 талапкер катталган.

18 добуш алган Сатыбалдиев Женишбек Болотович Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Түп айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын 19у катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 1 талапкер катталган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү