Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

28 ноября 2019

2019-жылы 28-ноябрда КР БШКнын мүчөлөрү Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевичти Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 22-ноябрда болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич

Туулган жылы:

23.07. 1981-ж.

Жашаган жери:

Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Көк-Таш айылы.

Yй-бүлөлүк абалы:

Үй-бүлөлүү.

Билими: 

Жогорку, Баткен мамлекеттик университети, “Экономикадагы маалыматтык тутумдар” багыты боюнча бакалавр даражасы (диплом №11197, берилген датасы – 2003-ж. 5-октябры); Баткен мамлекеттик университети, “Экономикадагы математикалык ыкмалар жана операцияларды изилдөө” багыты боюнча адис даражасы (диплом CD040117564, берилген датасы – 2004-ж. 5-октябры).

Иш стажы: 

2002-2006.ж. – Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институт, оператор;

2006-2008-ж.ж. – Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институт, улук окутуучу;

2008-2016-ж.ж. – Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институт, информатика кафедрасынын башчысы;

2016-жылдан тартып, Ала-Бука районунун Көк-Таш айылдык кеңеши, депутат.

Соттуулугу жөнүндө маалымат: 

Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББ 12.11.2019-ж. берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.    

Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин сертификатына ылайык мамлекеттик тилди билүү деңгээли - В2.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү