Сыдыков Алмазбек Жамгырчиевич Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28 ноября 2019
2019-жылы 28-ноябрда КР БШКнын мүчөлөрү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Сыдыков Алмазбек Жамгырчиевичти Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 22-ноябрда болуп өттү.
Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Сыдыков Алмазбек Жамгырчиевич

Туулган жылы:
13.05.1960-ж.
Жашаган жери:
Чүй облусу, Сокулук району, Фрунзе айылы.
Билими:
Жогорку, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институту (адистиги – зоотехник, диплом №Д-I 073992, каттоо номуру №44661, берилген датасы –1982 -ж. 23-июну).
Иш стажы:
1990-1998-ж.ж. – Сокулук району, “Красная Заря” колхозу, башкы зоотехник;
1998-2000-ж.ж. – Кыргыз агрардык академиясынын Сокулук тажрыйба чарбасы, башчы;
2009-2012-ж.ж. – Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтү, башчы.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББ 2019-жылдын 15-ноябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин 2019-жылдын 15-ноябрда берген №2001422 сертификаты, мамлекеттик тилди билүү деңгээли - В2.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
