Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

28 ноября 2019

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рыскулов Нурадин Рыскуловичтен комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө түшкөн арыздын негизинде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Рыскулов Нурадин Рыскулович - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, комиссиянын курамынан чыгарылды;

- Акунов Табалды - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, резервден комиссиянын курамына киргизилди.

Мүчөнүн шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуусунун себеби:

- Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кеткен үчүн

Өзгөртүүлөргө ылайык шайлоо комиссиясынын учурдагы курамына саясий партиялардан 5 өкүл, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 7 өкүл кирди.

Тоң АШКнын курамы (12 адам) төмөнкүдөй:

- саясий партиялардан 5 өкүл (“Мекен Ынтымагы”, “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана патриотизм партиясы, “Бүтүн Кыргызстан”, “Туран” демократиялык партиясы, , Эмгек Партиясы);

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 7 өкүл.

Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 9 өкүл турган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү