Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука жана Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

28 ноября 2019

КР БШКнын 2019-жылдын 28-ноябрындагы токтому менен Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука жана Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 17-декабрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.

Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-июлундагы №154-б буйругу менен Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүрович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган, б.а. Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттары ишенбестик көрсөтүшкөнүнүн негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 23-октябрындагы №234-б буйругу менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбек “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 20-ноябрындагы №259-б буйругу менен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Мураталиев Нурбек Якуббекович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү