Абдиев Рамил Сулайманович Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28 ноября 2019
2019-жылы 28-ноябрда КР БШКнын мүчөлөрү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Абдиев Рамил Сулаймановичти Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 22-ноябрда болуп өттү.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Абдиев Рамил Сулайманович

23.08.1988-ж.
Жашаган жери:
Талас облусу, Кара-Буура району, Кара-Сай айылы.
Yй-бүлөлүк абалы:
Үй-бүлөлүү.
Билими:
Жогорку, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (адистиги – ветеринар, диплом CD140001730, каттоо номуру 06-17, берилген датасы – 2011-жылдын 11-февралы).
Иш стажы:
2013-2014-ж.ж. – Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтү, убактылуу ветеринардык адис;
2014-2019-ж.ж. – Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтү, ветеринардык адис;
2017-2019-ж.ж. – Кара-Буура районунун Бакайыр айылдык кеңеши, депутат.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББ 2019-жылдын 12-ноябрында берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №2001422 сертификаты 2019 –жылдын 12 ноябрында берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли - В2.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
