Токонов Багдад Шекербекович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28 ноября 2019
2019-жылы 28-ноябрда КР БШКнын мүчөлөрү Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Токонов Багдад Шекербековичти Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 12-ноябрда болуп өттү.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Токонов Багдад Шекербекович

Туулган жылы:
26.06.1973-ж.
Жашаган жери:
Талас облусу, Бакай-Ата району, Кең-Арал айылы.
Yй-бүлөлүк абалы:
Үй-бүлөлүү
Билими:
Жогорку, Кыргыз Республикасынын юридикалык академиясы (адистиги-юрист, диплом CD070042116, каттоо номуру № 353 берилген датасы - 2007-жылдын 30-марты).
Иш стажы:
1991-1993-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардия, командирдин орун басары;
1993-1995-ж.ж. – Бакай-Ата районунун «Кең-Арал» атындагы колхозу, айдоочу;
1996-2002-ж.ж. - Бишкек шаарынын Ленин районунун милиция батальону, милиционер;
2002-2004-ж.ж. - Бакай-Ата районунун ИИБ, участоктук инспектор;
2004-2016-ж.ж. - Бакай-Ата районунун ИИБ, оперативдүү өкүл;
2016-ж. - Бакай-Ата районунун ИИБ, башчы;
2018-2019-ж.ж. – Талас облусунун мергенчилердин жана балык уулоочулардын коому, мергенчи.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББнын 2019-жылдын 29-октябрында берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин сертификаты № 0002119 2019 -жылдын 31-октябрында берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли - (В2).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
