2019-жылы 27-ноябрда Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү
27 ноября 2019
2019-жылы 27-ноябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
11 добуш алган Райимбердиев Исманали Жумабаевич Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Жаңы-Жер айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
