2019-жылдын 28-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

27 ноября 2019

Өткөрүү датасы:  28 -ноябрь 2019-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2019-жылы 12-ноябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун  Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

6. 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

7. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

8. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

9. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Балыкчы, Түп, Ат-Башы, Алай, Баткен жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

10.«Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобону бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

11. “Шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын (жигердүү жана пассивдүү) шайлоо укуктарын ишке ашырууну, Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо пайдаланылуучу жол-жоболорду жана технологияларды, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда мыкты чагылдыргандык үчүн конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо тууралуу” Конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө
(БаяндамачыДж.Ш. Турдукожоев, маалыматтык бөлүмдүн эксперти )

12. Ар түрдүү маселелер

Төраганын орун басары