БШК менен Ысык-Көл мамлекеттик университети кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

26 ноября 2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандумда укук маданиятын жогорулатуу, шайлоо укугун жана процессин түшүнүү жана алар тууралуу кабардар болуусун жакшыртуу чөйрөсүндө, ошондой эле жаштарда түшүнүктүү жана жоопкерчиликтүү жарандык позицияны калыптандыруу үчүн шарт түзүүдө тараптардын өз ара аракеттешүүсү каралган.

Ошондой эле Каракол шаарына жумушчу сапардын алкагында КР БШКнын жетекчилиги К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, КМЮУнун Ысык-Көлдөгү юридикалык институтунун, И.К. Ахунбаев атындагы медициналык колледждин жана И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин студенттери жана окутуучулары менен жолукту.

КР БШКнын башчысы “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада баяндама жасады. Ал студенттерге шайлоо укуктары, стандарттары жана Кыргызстандагы шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. КР БШКнын Окутуу борборунун эксперти Каныбеков Урмат добуш берүү үчүн автоматтык эсептөөчү урнанын кандай иштээрин көрсөттү.

Жолугушуунун аягында БШК К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин китепканасына Брайль тамгалары менен басылып чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” китебинин 2 нускасын белекке берди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү