2019-жылы 22-ноябрда Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
22 ноября 2019
2019-жылы 22-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
29 добуш алган Мазаев Зулпукар Кашимович Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Төлөйкөн айыл өкмөтүндө бардыгы 31 депутат бар, добуш берүүгө алардын 29у катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 1 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
