2019-жылы 22-ноябрда Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

22 ноября 2019

2019-жылы 22-ноябрда Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

11 добуш алган Осмонкулова Жаркын Максутовна Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Ак-Суу айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын 20сы катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү