2019-жылы 22-ноябрда Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

22 ноября 2019

2019-жылы 22-ноябрдаТалас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

9 добуш алган Абдиев Рамил Сулайманович Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Бакайыр айыл өкмөтүндө бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү