2019-жылы 22-ноябрда Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

22 ноября 2019

2019-жылы 22-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

8 добуш алган Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Көк-Таш айыл өкмөтүндө бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү