БШК студенттер үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү
21 ноября 2019
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында борбордун ЖОЖдорунун студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чарага Ж. Баласагын атындагы КУУнун, КМКТАУнун, “Манас” КТУнун, БААУнун, КРПБАнын, КМЮУнун, КЭУнун, БМУнун, КММАнын, ИИМдин Академиясынын жана КМАУнун студенттери катышты. Чогулгандарга Борбордук шайлоо комиссиясынын иши менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү.
КР БШКнын башчысы “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада баяндама жасады. Ал студенттерге эл аралык шайлоо стандарттары жана Кыргызстандагы шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ронни Хайне куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал жаштарды маанилүү коомдук-саясий процесстерге жигердүү катышууга чакырып, өлкөнүн келечеги, өнүгүүсү жаңы муундун саясий турмушка катышуусуна жараша болорун белгиледи.
Андан ары иш-чаранын алкагында КР БШК аппаратынын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы А. Акимбаев чыгып сүйлөп, Кыргызстанда колдонулуучу заманбап технологиялар жөнүндө маалымат берди.
Иш-чарада ар бир студентке шайлоо боюнча өз суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгү берилип, “Кахут Оюну” суроо-жооп форматында аяктады.
Жүргүзүлүп жаткан шайлоо реформасы, ар бир жарандын шайлоо процессине катышуусунун жана өз тандоосу үчүн жоопкерчилик алуусунун маанилүүлүгү жөнүндө жаш шайлоочуларга маалымат берүү бул иш-чаранын максаты болуп саналат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
