Кыргызстандын делегациясы Беларустагы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө катышты

18 ноября 2019

КР БШКнын Төрагасынын орун басары А.Г. Бекматов, БШКнын мүчөсү Н.Т. Арипов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З. Ормонов, К.Ш. Баймуратов, КР БШКнын региондордогу атайын өкүлдөрү, ошондой эле КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлү эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, ошондой эле КМШ жана ШКУнун миссияларынын курамында Беларустун Улуттук Жыйналышынын Өкүлдөр палатасына депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты.

Добуш берүү үчүн өлкөдө – 5 785, республиканын чегинен тышкары 46 участок түзүлгөн. Учурдагы шайлоого шайлоочулардын тизмелерине 6 млн 880 миң 605 адам киргизилген. Шайлоочулардын 36 пайызга жакыны 12-ноябрдан 17-ноябрга чейинки мезгилде мөөнөтүнөн мурда добуш беришти. Беларустун БШКсынын алдын ала маалыматы боюнча парламенттин депутаттарын шайлоого тизмелерге киргизилген шайлоочулардын жалпы санынын 77,22%ы катышты.

Өкүлдөр палатасындагы 110 орунга 12 партиядан жана бир нече коомдук кыймылдардан 513 талапкер ат салышты. Талапкерлердин жалпы саны 703тү түздү, бирок анын ичинен 131ине каттоодон баш тартылды, дагы 46сы каттоодон кийин катышуудан баш тартышты.

БШКнын маалыматы боюнча шайлоого миңден ашык эл аралык байкоочу катышты.

5-августта Беларусь Республикасынын Президенти А. Лукашенко Парламенттин төмөнкү палатасы – Өкүлдөр палатасына болжолу азыркы Парламенттин мандатынын мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл мурда – 17-ноябрга шайлоо дайындаган. Депутаттар мажоритардык тутум боюнча төрт жылдык мөөнөткө бир турда 110 бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү