Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунда Жаш жарандын мектебинин үч күндүгү өттү
18 ноября 2019
2019-жылдын 13-ноябрынан 16-ноябрына чейин КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунда Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун (IFES) КРдеги өкүлчүлүгүнүн Жаш жарандын мектебинин күзгү үч күндүгү өттү.
Жаш жарандын мектеби – бул Кыргызстандын жаштарынын өздөрүнүн лидерлик сапаттарын ачуу, ошондой эле биздин коомдун алдында турган көп сандагы социалдык, саясий, гендердик, экономикалык курч проблемаларды талкуулоо жана чечүүнүн жолдорун издөө үчүн жаңы аянт.
Мектептин алкагында КРдеги мамлекеттик түзүлүштүн тутумун, укуктар менен эркиндиктерди ишке ашыруунун механизмдерин окуп-үйрөнүштү, саясаттын жана чечимдерди кабыл алуунун процесстердин маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, мектептин катышуучулары өздөрүнүн социалдык долбоорлорун иштеп чыгып, тааныштырышты.
КР БШКнын эксперттери Каныбеков Урмат менен Мурзаев Улан мектептин катышуучуларына шайлоо процесси жана анын катышуучулары, маалыматтык шайлоо тутуму жөнүндө айтып берип, АЭУнун жана шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү жабдыктарын көрсөтүштү.
Жаш жарандын мектебинин аягында сыйлык берүү аземи болуп өттү. Сертификттарды КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова тапшырды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
