Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
13 ноября 2019
КР БШКнын 2019-жылдын 13-ноябрындагы токтому менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 2 декабрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 11-ноябрындагы №88 буйругу менен Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алымов Манас Кадырович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-октябрындагы №90 буйругу менен Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Асакеев Алманбет Иманович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
