КР БШК мүчөсү А.С.Сатыгулов Румыниянын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышты

12 ноября 2019

Кыргыз Республикасынын БШКсы менен Румыниянын Туруктуу шайлоо органынын (ТШО) ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында КР БШК мүчөсү А.С.Сатыгулов Румыниянын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүүгө эл аралык байкоочу катары катышты. Румыниянын Президентин шайлоого даярдоонун жүрүшүнө 30дан ашык эл аралык байкоочу  байкоо жүргүздү.

Румынияда жалпысынан 18740 жана чет мамлекеттерде - дүйнөнүн 98 өлкөсүндө 838 участоктук шайлоо комиссиялары бар.

Румыниянын ТШОсунун сайтындагы маалымат боюнча шайлоочулардын келүүсү биринчи турда  46,8%ды түздү. Добуш берүүгө 8.68 млн жаран катышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча Улуттук-либералдык партиянын лидери – өлкөнүн учурдагы Президенти Клаус Йоханнис 39%, Социал-демократиялык партиянын лидери - Виорике Дэнчилэ 22,5% кыйла көп сандагы добуш алып, экинчи турга чыгышты. Жалпысынан президенттик жарышка 14 талапкер катышты. Президенттик шайлоонун экинчи туру 24-ноябрга пландалган.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү