Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо
06 ноября 2019
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Сиздер өлкөнүн жана коомдун, адамдын алга өнүгүшүн, коомдо сөз эркиндигинин жана тең укуктуулуктун, өз ара сыйлашуунун жана тынчтыктын идеалдарын бекемдөөнү элестете албай турган абдан маанилүү жана керектүү иштерди жүргүзүп жатасыздар. Жалпыга маалымдоо каражаттары, демек, Сиздер коомдук пикирди жана маанайды калыптандырууда чечүүчү ролду аткарып келатасыздар. Өлкөбүздө ачык, мыйзамдуу жана адил демократиялык шайлоо тутумун калыптандырууда журналисттердин салымы кыйла маанилүү.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин жигердүү жарандык позициясын, журналистиканын негизги принциптерин – аныктыкты, объективдүүлүктү жана ыкчамдыкты жетекчиликке алып, өз ишин намыстуулук жана абийирдүүлүк менен аткарып жаткан кесипкөй адамдардын эмгегин биз жогору баалайбыз.
Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, бакубат турмуш жана гүлдөп-өнүгүү каалайбыз!
Урматтоо менен,
БШК Төрагасы Нуржан Шайлдабекова
