КР БШК жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

04 ноября 2019

2019-жылы 4-ноябрда КР БШК Сүлүктү, Нарын шаардык, Аксы, Ысык-Көл жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Төмөнкү депутаттар өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:

Баткен облусу:

Таирова Салкынай (“Республика Ата-Журт” фракциясы, №3, Сүлүктү шаардык кеңеши). Мандат Сүлүктү АШК чечими менен саясий партиядан №10 талапкер Сабурова Айжамалга өткөрүп берилди.

Нарын облусу:

Таалайбек уулу Камчыбек (“Республика Ата-Журт” фракциясы, №15, Нарын шаардык кеңеши). Мандат Нарын шаардык АШК чечими менен саясий партиядан №6 талапкер Жакыпов Рысбекке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусу:

Султанмуратов Нурдин (“Кыргызстан” фракциясы, №2, Кербен шаардык кеңеши). Мандат Аксы АШК чечими менен саясий партиядан №5 талапкер Султанмуратов Бакытбекке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусу:

Тагулуков Бердибек (“Республика Ата-Журт” фракциясы, №1, Чолпон-Ата шаардык кеңеши). Мандат Ысык-Көл АШК чечими менен саясий партиядан №10 талапкер Асаналиев Рыспекке өткөрүп берилди.

Ош облусу:

Тажибай уулу Нурбек (Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Шакиров Улукбекке өткөрүп берилди.

Төмөнкү Ысык-Көл облусунун депутаты муниципалдык кызматка өткөнүнө байланыштуу жеке арызы боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:

Жаманакова Динара (“Республика Ата-Журт” фракциясы, №6, Чолпон-Ата шаардык кеңеши). Мандат Ысык-Көл АШК чечими менен саясий партиядан №16 талапкер Исаева Гульжамалга өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды:

Талапкер Кыдыралиев Уланбек Кенешбекович (“Республика Ата-Журт” с/п, №9 Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши);

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү