Башкы Жаңылыктар Искаков Нурлан Табалдиевич Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу …

Искаков Нурлан Табалдиевич Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

04-Ноя, 2019

2019-жылы 4-ноябрда КР БШКнын мүчөлөрү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Искаков Нурлан Табалдиевичти Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.

Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 29-октябрда болуп өттү.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Искаков Нурлан Табалдиевич

Туулган датасы:

18.02.1970-ж.

Жашаган жери:

Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы.

Билими:

Жогорку, Бишкек шаары Кыргыз агрардык академиясынын “Жерге жайгаштыруу адистиги боюнча инженер” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом ГВ №29792, каттоо номери 4042004 2000-жыл 26-июль).

Эмгек жолу:

1987-ж - Жети-Өгүз районундагы Куйбышев атындагы колхозу, оператор;
1988-1990-жж. - Советтик армиянын катары, солдат;
1991-1992-жж. - Жети-Өгүз районунда Покровка керек жарак коому, айдоочу;
1993-1995-жж. - Жети-Өгүз райондук даярдоо мекемеси, жумушчу, даярдоочу;
1995-1999-жж. - Жети-Өгүз райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгы, жетектөөчү адис, башкы адис;
1999-2000-жж. - Ысык-Көл областтык кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары зоналдык борбору, башкы адис, башчынын орун басары;
2000-2002-ж.ж. - Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы, агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси, агрардык өнүктүрүү жана айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү секторунун башчысы, курулуш, транспорт жана коммуникация секторунун башчысы;
2003-2004-ж.ж. - Жети-Өгүз райондук туризм жана инвестиция тартуу борбору, башчы, ошондой эле Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы, башчысы-акимдин коомдук башталышта кеңешчиси.
2004-2006 - ж.ж. - Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы, аппарат жетекчи;
2006-2015-ж.ж. - Ысык-Көл областтык миграция жана жумуштуулук комитети, төрага.

Соттуулугу жөнүндө маалымат:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык - аналитикалык борбору 2019-жылдын 27-августунда берген маалыматка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:

14.10.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №2001710 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>