Башкы Жаңылыктар КР БШК делегациясы Молдова Республикасындагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик …

КР БШК делегациясы Молдова Республикасындагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты

25-Окт, 2019

Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу боюнча 2019-жылы 20-октябрда жалпы жергиликтүү жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолорго КР БШК мүчөсү А.Б. Абдрахматова жана шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн эксперти  Б.М. Мамбетов Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык байкоочу катары катышты.

Шайлоолордун жүрүшүнө 145 эл аралык байкоочу, анын ичинде Молдова Республикасында аккредиттелген 11 дипломатиялык миссия, 11 чет өлкөлүк шайлоо органдары жана 3 эл аралык бейөкмөт уюмдар, ошондой эле 11 уюмдан 1 600 улуттук байкоочу байкоо жүргүзүштү.

Эл аралык байкоочулар өз ишин Молдова Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине ылайык шайлоо процессине жана мамлекеттин суверенитетине кийлигишпестен аткарышты.

Эл аралык байкоочулар төрт бир мандаттуу округдарында жалпы жергиликтүү жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолор ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүп, Молдова Республикасынын мыйзамдарына жана шайлоонун жалпы таанылган эл аралык стандарттарына ылайык болгонун белгилешти. Жалпы жергиликтүү шайлоодо 898 примар жана 11 680 жергиликтүү кеңешчи шайланды.

Мындан тышкары, байкоо жүргүзүү миссиясынын алкагында Молдова Республикасынын БШК төрагасы Ч. Дорин, ошондой эле СICDE директору Павел Кобаченко менен жолугушуу болуп өттү. (СICDE – Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Шайлоо тутуму чөйрөсүндөгү үзгүлтүксүз билим берүү борбору – бул шайлоо тутуму чөйрөсүндөгү эл аралык ченемдерге ылайык эркин жана адил шайлоо уюштурууга жөндөмдүү кызматчыларды даярдоо, ошондой эле шайлоо процессинин кызыкдар башка катышуучуларын окутуу менен алектенген мамлекеттик уюм). Молдованын Билим берүү борборунун тажрыйбасы Кыргыз Республикасындагы Жарандык билим берүү борбору үчүн изилденүүдө.

Маалымат үчүн:

2018-жылы апрелде Кыргыз Республикасынын БШКсы менен Молдова Республикасынын БШКсы ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө, шайлоолорду жана референдумдарды уюштурууну, заманбап маалыматтык тутумдарды жана технологияларды өркүндөтүү тармагында шайлоо комиссияларынын иш тажрыйбасын алмашуу максатында, шайлоолорду уюштуруучуларга жана шайлоочуларга жарандык билим берүүнү жана аларды электрондук окутууну уюштуруу, ошондой эле шайлоонун башка өңүттөрү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>