Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин он бир депутатынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин он бир депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

24-Окт, 2019

2019-жылы 24-октябрда КР БШК Таш-Көмүр, Сузак, Токмок, Ысык-Ата, Кемин, Өзгөн жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Төмөнкү депутаттар өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:

Жалал-Абад облусу:

Эрназаров Эсенбай (“СДПК” фракциясы, №1, Таш-Көмүр шаардык кеңеши). Мандат Таш-Көмүр АШК чечими менен саясий партиядан №13 талапкер Тостоков Кубатбекке өткөрүп берилди.

Абдураимов Ниязбек (“СДПК” фракциясы, №5, Таш-Көмүр шаардык кеңеши). Мандат Таш-Көмүр АШК чечими менен саясий партиядан №14 талапкер Дуйшенов Канатка өткөрүп берилди.

Абдыкалыков Абдыбек (Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мамбетаипов Кеӊешбекке өткөрүп берилди.

Чүй облусу:

Байсеркеев Мирлан (“СДПК” фракциясы, №8, Орловка шаардык кеңеши). Мандат Кемин АШК чечими менен саясий партиядан №10  талапкер Колкобаев Керезге өткөрүп берилди.

Поломаренко Галина (“СДПК” фракциясы, №6, Кемин шаардык кеңеши). Мандат Кемин АШК чечими менен саясий партиядан №20 талапкер Тентиев Талгарбекке өткөрүп берилди.

Абдырахманов Марс (“Кыргызстан” фракциясы, №1, Кемин шаардык кеңеши). Мандат Кемин АШК чечими менен саясий партиядан №4 талапкер Чуштуков Ильичбекке өткөрүп берилди.

Идрисов Садырбек (“Кыргызстан” фракциясы, №1, Токмок шаардык кеңеши). Мандат Токмок АШК чечими менен саясий партиядан №13 талапкер Сокубашев Кубанга өткөрүп берилди.

Мадинцев Рашид (Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Ибрагимов Рамазанга өткөрүп берилди.

Ош облусу:

Ахмедов Хосилжон (“СДПК” фракциясы, №16, Өзгөн шаардык кеңеши). Мандат Өзгөн АШК чечими менен саясий партиядан №20 талапкер Исмаилов Турсунбайга өткөрүп берилди.

Мамадалиев Ильхамжан (“СДПК” фракциясы, №11, Өзгөн шаардык кеңеши). Мандат Өзгөн АШК чечими менен саясий партиядан №26  талапкер Курбанов Негматка өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусу:

Сыдыков Аманат (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №5, Балыкчы шаардык кеңеши). Мандат Балыкчы АШК чечими менен саясий партиядан №9 талапкер Алиев Муратка өткөрүп берилди.

Төмөнкүлөр жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды:

Чүй облусунда:

Талапкер Якупова Айана Базарбековна (“СДПК” с/п, №9 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Чекиров Урмат Бекенович (“СДПК” с/п, №11 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Дуйшебаева Анара Дуйшебековна (“СДПК” с/п, №12 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Райдугин Федор Федорович (“СДПК” с/п, №13 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер  Острожнова Татьяна Николаевна (“СДПК” с/п, №15 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Сарыкеев Улан Телебекович (“СДПК” с/п, №16 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Русина Наталья Васильевна (“СДПК” с/п, №18 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Иващенко Евгений Александрович (“СДПК” с/п, №19 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Руденко Ольга Михайловна (“СДПК” с/п, №21 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Саматбекова Бурул (“СДПК” с/п, №23 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Асанбаева Асель Кудайбергеновна (“СДПК” с/п, №25 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Сокубашева Роза Жамашевна (“СДПК” с/п, №26 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Захарова Галина Александровна (“СДПК” с/п, №28 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Куватова Анна Рамильевна (“СДПК” с/п, №29 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Мисилимова ДамираСагыналиевна (“СДПК” с/п, №31 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Ешимбекова Айжан Чынгызовна (“СДПК” с/п, №32 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Токтакунова Рахат Дуйшобаевна (“СДПК” с/п, №34 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Кулмамбетова Жыргал Темирбековна (“СДПК” с/п, №35 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Осмоналиева Назира Айтыбековна (“СДПК” с/п, №38 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);

Талапкер Айталиев Улан Русланович (“Кыргызстан” с/п, №10 Токмок шаардык кеңеши);

Талапкер Джунушова Нургуль Ташкеевна (“Кыргызстан” с/п, №12 Токмок шаардык кеңеши).

Ош облусунда:

Талапкер Полотбеков Эрмекбай Айткулович (“СДПК” с/п, №16 Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши);

Талапкер Узгенбаев Ибайдилло Турсунбаевич (“СДПК” с/п, №17 Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши);

Талапкер Пратов Ботир Махаматпазылович (“СДПК” с/п, №20 Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши).

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>