Башкы Жаңылыктар Нарында “Жаштар жана шайлоолор. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген …

Нарында “Жаштар жана шайлоолор. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада студенттер менен жолугушуу өттү

23-Окт, 2019

2019-жылы 22-октябрда Нарын шаарында жаштарга шайлоо укуктары жөнүндө маалымат берүү боюнча дайыма өткөрүлүп келаткан өнөктүктүн алкагында КР БШКнын өкүлдөрү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, Нарын педагогикалык колледжинин, Нарын медициналык колледжинин жана Борбордук Азия университетинин студенттери менен “Жаштар жана шайлоолор. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун максаты өлкөдөгү маанилүү коомдук-саясий процесстерге – республикалык жана жергиликтүү шайлоолорго жаштардын катышуусун жогорулатуу болуп саналат.

Нарын облусунда 161 895 шайлоочу бар. Алардын ичинен 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы жаштардын саны 32%ды же 53 017 адамды түзөт. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо 18 834 же  35,5% жаш шайлоочу катышты.

КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова шайлоо укуктары,  шайлоонун түрлөрү,  шайлоого түшүнүү жана жигердүү катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө, добуш берүүнүн жашыруундуулугунун кепилдиктери жана тандоо эркиндиктери, жаштардын шайлоого жигерсиз катышып жаткандыгынын негизги себептери жөнүндө студенттерге айтып берди. Ошондой эле студенттерге айрым түзөтүүлөр, анын ичинде үгүт мезгилинде талапкерлердин ортосундагы дебаттардын көлөмүнүн кеңейтилгени жөнүндө жана жаштардын шайлоо процессин түшүнүүсү жана алардын шайлоого катышуусун жогорулатуу жөнүндө маалымат берди.

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти жана жаштарды жигерлештирүү боюнча сунуштарын айтышты. Суроолор негизинен шайлоо процессинин айкындуулугуна жана жыйынтыктарды чыгаруунун аныктыгына, ак ниет эмес талапкерлерге карата көрүлүп жаткан чараларга, талапкерлерге карата талаптарга, шайлоо укуктарын бузууларга, жаштардын шайлоого катышуусунун маанисине тийиштүү болду. Ошондой эле студенттер шайлоо жөнүндө билим жана маалымат алуусун жакшыртууга, шайлоо процессине шайлоочу катары эле эмес, байкоочу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү ж.б. катары катышууга кызыкдар экенин билдиришти.

Жаштар менен диалогдун жүрүшүндө КР БШКнын өкүлдөрү демократиялык  институттарды жана процесстерди, өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда шайлоонун ролун түшүнүүнү жакшыртуу максатында миссиясы жаштар, аялдар, шайлоочулардын башка категориялары үчүн атайын билим берүү чараларын кошуп алганда, кеңири спектрдеги иш-чараларды дайыма өткөрүп туруу аркылуу демократиянын жана парламентаризмдин баалуулуктарын жарандар арасында түшүндүрүү жана жайылтуу болгон Жарандык билим берүү борборун иштетүү планы тууралуу айтып беришти.

Кыргызстандын маалыматтык шайлоо тутумунун ишин, автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсүн, БШКнын  борбордук серверине кандай маалыматтар кантип түшөөрүн Кочкор районунун АШКсынын тутумдук администратору Иманалиев К.О. студенттерге көрсөтүп берди. Жолугушуунун катышуучулары менен көрсөтмө добуш берүү уюштурулду, анда студенттер толтурулган бюллетендерди урнага салып, АЭУнун маалыматтарын добуш берүүнүн иш жүзүндөгү жыйынтыктарын кол менен саноо аркылуу жеке өздөрү салыштырып көрүштү.

Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү жана укук маданиятын жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттердин алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн тең укуктарды камсыздоо боюнча биринчи даражадагы милдеттерди баса көрсөтүү менен С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин китепканасына көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жалпы пайдалануусу үчүн Брайл тамгалары менен басылып, чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын эки нускасы өткөрүлүп берилди.

КР БШК бул чаралар менен жаш муундарда Кыргызстандын шайлоо тутумун түшүнүүсүн жана кабардар болуусун, жарандык жигердүүлүктү жана жоопкерчиликти калыптандырууга умтулууда. Жаштар менен иш ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Өлкөнүн башка региондорундагы ЖОЖдордо дагы лекцияларды өткөрүү пландалууда.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>