Башкы Жаңылыктар БШК КР ЖКнын депутаттары менен биргеликте айылдык кеңештерде …

БШК КР ЖКнын депутаттары менен биргеликте айылдык кеңештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

07-Окт, 2019

Айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу ченеми жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова “Өнүккөн аял – өнүккөн регион, өнүккөн мамлекет” деген темада 2019-жылы 5-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн республикалык конференцияга катышты.

КР ЖКнын депутаты, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары А. Касымалиева бул конференцияны уюштуруунун демилгечиси болду. Конференцияга КР ЖКнын депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, ошондой эле 7 облустан окутуучулар жана мугалимдер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н.К. Шайлдабекова шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жекече алганда, айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу боюнча жаңы ченемди ишке ашыруу жөнүндө айтып берди.

Акыркы 15 жылда айылдык кеңештердин депутаттарынын арасында аялдардын саны туруктуу азайып баратканы байкалууда. Маселен, 2004-жылы өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерде алар 19% шайланса, 2008-жылы – 17%,  2012-жылы –  13%, в 2016-жылы – 10% шайланган. Азыркы кезде 86 айылдык кеңеште б.а. ар бир бешинчи айылдык кеңеште бир дагы аял шайланган эмес. Ушул өкүм сүрүп келаткан тенденцияда айылдык кеңештерде депутат аялдардын болбой калуу ыктымалдыгы кыйла жогору. Ушуга байланыштуу аялдардын жергиликтүү кеңештерде өкүлчүлүгүн көбөйтүү үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-1-беренесине айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө ченемдер киргизилди.

Алдыда – 2020-жылы апрелде өтүүчү шайлоодо 26 айылдык кеңеште мандаттардын болжолдуу саны 376ны түзөт, алардын 137 мандаты аялдар үчүн резервге калтырылат. Ушуга байланыштуу КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова жаңы ченемди толук ишке ащыруу үчүн бардык катышуучуларды алдыдагы шайлоолорго жигердүү катышууга чакырды.

Н.К. Шайлдабекова Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы ченемдерин жана талаптарын колдонуунун ийгиликтүү тажрыйбасы бар экени жөнүндө маалымат берди. Саруу айылдык кеңешинин 21 депутатынын мандатынын 9ун аял депутаттар алышты. 2019-жылы 4-октябрда Саруу айылдык кеңешинин биринчи сессиясында депутаттардын  добушунун көпчүлүк (21ден 12син) добушун алган Оморова Айнура Самыйбековна кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Аялдардын айылдык кеңештерде кыйла кеңири өкүлчүлүгү балдардын, аялдардын жана калктын аялуу топторунун кызыкчылыктарына тийиштүү маселелерди, анын ичинде саламаттык сактоо жана билим берүү маселелерин натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, кеңештин туруктуу иштөөсүнө өбөлгө түзөт, сабырдуулуктун жана биримдиктин бекемделишине салым кошот.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>