Башкы Жаңылыктар Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик. Студенттик иш-чаралар …

Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик. Студенттик иш-чаралар – 2019-жылдын күзү

01-Окт, 2019

Шайлоо укуктары жөнүндө жаштарга маалымат берүү боюнча өнөктүктүн алкагында КР БШКнын өкүлдөрү Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада жолугушуу өткөрүштү.

Жаштардын өлкөнүн маанилүү коомдук-саясий процесстерине – республикалык жана жергиликтүү шайлоолорго катышуусун жогорулатуу агартуу иш-чараларынын башкы максаты болуп саналат.

Маселен, шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жаш шайлоочулардын үлүшү республика боюнча 34%ды түзөт, бул болжол менен 1 051 000ден ашык адам. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын келүүсү жалпысынан шайлоочулардын санынан 56%ды түздү. Мында 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы жаш шайлоочулардын катышуусу жалпысынан республика боюнча 41%ды түздү б.а. жалпы шайлоочуларга салыштырмалуу жаштардын жигердүүлүгү төмөн.

Бул көрсөткүч бардык жерлерде бирдей эмес. Маселен, Жалал-Абад шаарында 2017-жылдагы шайлоого жаштардын 36%ы добуш берүүгө катышты, бул республика боюнча жаштардын орточо келүүсүнөн 5%га төмөн.

Ошол эле учурда Ош шаарында жаштардын жигердүүлүгү жаштардын арасында 63%га барабар, бул жаштардын республика боюнча катышуусуна  салыштырмалуу жогору.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Боршайкомдун жетекчилери студенттерге жаштардын шайлоого жигердүү катышуусунун маанилүүлүгү, шайлоону уюштурууда шайлоо органдарынын ролу, аң-сезимдүү, эркин жана жооптуу тандоонун мааниси, жашыруун добуш берүүнүн кепилдиктери жөнүндө айтып беришти.

Жигердүү катышуунун жүрүшүндө студенттер шайлоо процессинин айкындуулугун жана аныктыгын, маалыматтарды өткөрүп берүүнүн коопсуздугун, саясий партияларды жана талапкерлерди каржылоонун айкындуулугун камсыздоого, автоматтык эсептөөчү урналардын мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу маселелерге кызыгышты. Ошондой эле студенттер шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелерине, шайлоо алдындагы өнөктүктү жана шайлоону чагылдыруунун өзгөчөлүктөрүнө, үгүт ишинин ыкмаларына, өкүлчүлүктүү органдардын ыйгарым укуктарына, бузууларга, шайлоо укуктарын бузгандык үчүн тиешелүү санкцияларга кызыгышты.

КР БШКнын өкүлдөрү аң-сезимдүү тандоо үчүн кабардар болуп, катышып жаткан шайлоо процессин түшүнүү зарыл экенин айтып беришти. Жарандар татыктуу талапкерлерди тандоосу үчүн шайлоого катышып  жаткан партиялар жана талапкерлер жөнүндө маалымат алуусу мааниге ээ. Жашыруун добуш берүүнүн кепилдигин сактоо эркин тандоо үчүн негиз болуп саналат. Кыргыз Республикасында шайлоо жалпы таанылган эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлүүдө, мамлекет добуш берүүнүн жашыруундуулугун сактоого кепилдик берүүдө, аны бузгандык үчүн жазык жоопкерчилиги каралган.

КР БШК шайлоочуларды жооптуу тандоого, добуштарды сатууга жана администрациялык ресурска алдырбоого чакырды.

КР БШКда Жарандык билим берүү борборун ишке киргизүү пландалууда, жарандар үчүн иш-чаралардын кеңири спектрин, анын ичинде жаштар, аялдар, шайлоочулардын башка категориялары үчүн, демократиялык институттарды жана процесстерди, өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда шайлоонун ролун түшүнүүнү хакшыртуу үчүн билим берүүчү атайын чараларды дайыма өткөрүп туруу анын миссиясы болмокчу.

Кыргызстандын шайлоо моделин түшүндүрүү үчүн автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) орнотулду, анын жардамы менен студенттерге добуш берүүнүн айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоочу добуш берүүнүн жана жыйынтыктарды чыгаруунун тартибин көрсөтүштү.

Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн түзүү жана укук маданиятын арттыруу боюнча стратегиялык милдеттердин алкагында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн тең укуктарды камсыздоо боюнча биринчи даражадагы милдеттерди баса белгилеп, КР БШК учурдан пайдаланып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар коомдук негизде пайдалансын үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин китепканасына Брайл тамгалары менен мамлекеттик жана расмий тилдерде басылып чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” китебинин эки нускасын өткөрүп берди.

КР БШК бул чаралар менен өсүп келаткан муундун Кыргызстандын шайлоо тутуму жөнүндө маалымат алуусуна жана шайлоо тутумун түшүнүүсүн, шайлоого катышуусун жигердетүү менен жарандык жигердетүүлүктү жана жоопкерчиликти калыптандырууга умтулат. Жаштар менен иштер ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосунда жүргүзүлүүдө. Өлкөнүн башка региондорундагы ЖОЖдордо дагы мындан ары лекцияларды өткөрүп туруу пландалууда.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>