Башкы Жаңылыктар КР БШК Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда …

КР БШК Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары бекитилди

30-Сен, 2019

2019-жылы 30-сентябрда КР БШК 2019-жылы 22-сентябрда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн 3 көп мандаттуу шайлоо округу (7 депутаттык мандат боюнча) түзүлдү.

Добуш берүү 4 шайлоо участогунда уюштурулду.

Шайлоого катышуу үчүн 79 талапкер катталды: алардын 16сы – аял, 63ү – эркек. Мыйзамга ылайык ар бир округ боюнча талапкер аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмес мандат резервде калтырылды.

Добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине киргизилген 5 193 шайлоочунун 1 797 шайлоочу катышты, бул 34,6%ды түздү. Саруу айыл аймагындагы шайлоочулардын тизмесине бардыгы 2 657 эркек киргизилип, алардын 942си добуш берди, тизмеге киргизилген 2 536 аялдын 855и добуш берди.

Шайлоочулардын арасында добуш берүүгө жигердүү катышуу 31 жаштан 61 жашка чейинки шайлоочулар арасында байкалды (1536 шайлоочу). Катышкан эң улгайган шайлоочу 91 жашта.

Жети-Өгүз АШКнын протоколуна  ылайык 21 депутат шайланды, алардын ичинде 9у – аял, 12си – эркек.

Добуш берүү күнү талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 17 байкоочу байкоо жүргүздү. Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун маалыматына ылайык шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар, даттануулар түшкөн жок. Шайлоо процессинин убагында жергиликтүү кеңештин шайлоо участокторунда МККнын жабдыктарынын жана АЭУлардын иштөөсүндө үзгүлтүк болгон жок.

2018-2020-жылдардагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын алкагында Жогорку Кеңеш тарабынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга бир катар түзөтүүлөр киргизилгенин белгилей кетүү керек.

 Маселен, аялдар үчүн мандаттардын 30%ын резервде калтыруу жөнүндө ченемди колдонуунун натыйжасында Саруу айылдык кеңешинде эми 9 депутат аял бар.

Жергиликтүү кеңештерге талапкерлер үчүн 1000 өлчөмүндөгү  шайлоо күрөөсү киргизилди. Ал күрөө мыйзамга ылайык шайлоочулардын добушунун 15%ынан көпчүлүгүн алган 46 талапкерге кайтарылып берилет, күрөөнүн калдыгы республикалык бюджетке өткөзүлөт.

Талапкердин программасын шайлоочулар таанышсын үчүн милдеттүү түрдө КР БШКнын расмий сайтында жарыялоо жана шайлоо участокторунда илип коюу жөнүндө талап мыйзамдагы маанилүү жаңычылдык болду.

Мындан тышкары, мыйзам менен талапкерлерге карата ортодон төмөн эмес билим жөнүндө милдеттүү талап белгиленди, ал Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо учурунда дагы колдонулду.

Андан сырткары, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине депутаттыкка талапкер катары шайлоого катышууга мурда колдонулуп келген  тыюу салуу жокко чыгарылды.

Шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана аларды иденттештирүү боюнча функциялардын МККдан БШКга өтүшү шайлоону көз карандысыз уюштуруу фактору болуп калды.

Курамына тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын кызматкерлери кирген ыкчам чара көрүүчү координациялык топторду (ЫЧКТ) милдеттүү түрдө түзүү жөнүндө ченемдер киргизилди. ЫЧКТнын  негизги милдети шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралуу жарандарга маалымат берүү болуп саналат.

Жаңы ченемдер  талапкерлер жөнүндө шайлоочуларын маалымат алуусун олуттуу түрдө жакшыртат, депутаттардын шайлоочулар алдында жоопкерчилигин жогорулатууга таасир этет, шайлоонун айкындуулугун, мыйзамдуулугун жакшыртат.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>