Башкы Жаңылыктар Кыргызстандын БШКсы Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар ассоциациясынын Аткаруу …

Кыргызстандын БШКсы Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар ассоциациясынын Аткаруу кеңешинин (ACEEEO) курамына шайланды

27-Сен, 2019

Кыргызстандын БШКсы Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар  ассоциациясынын Аткаруу кеңешинин (ACEEEO) курамына шайланды. Бул тууралуу чечим 2019-жылы 24-сентябрда Любляна шаарында (Словения) ACEEEOнун Башкы Ассамблеясынын жыйналышынын жүрүшүндө кабыл алынды. Бул практикалык маселелерди чечүүнү талкуулоодо, шайлоого байланыштуу заманбап технологияларды колдонууда, эркин, адил жана демократиялык шайлоо өткөрүү максаттарына жетүүдө Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө шексиз түрдө көмөктөшөт. Аткаруу кеңешинин курамына Кыргызстандын БШКсы менен катар Болгариянын, Латвиянын, Литванын, Молдованын, Румыниянын, Хорватиянын борбордук шайлоо органдары кирди.

Аткаруу кеңеши Ассоциациянын жыйналыштарында катышуучу мамлекеттердин 3 жыл мөөнөткө жашыруун добуш берүү жолу менен шайланган  Институциялык мүчөлөрүнүн жети өкүлүнөн турат. Төраганын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жыл менен чектелет жана ал, эреже катары, ACEEEOнун кезектеги жыл сайын өтүүчү конференциясын уюштуруучу өлкөнүн өкүлү болуп саналат.

Башкы Ассамблеяда Грузиянын БШКсын Башкы Ассамблеянын жаңы төрагалыгына шайлашканын белгилейбиз. Бул  Башкы Ассамблея 2020-жылы Грузияда өтөт дегенди билдирет. Уставга ылайык Башкы Ассамблеянын төрагасы, ошондой эле Аткаруу кеңешинин дагы төрагасы болуп саналат.

2019-жылы 25-28-сентябрда Словениянын Любляна шаарында ACEEEOнун жыл сайын өтүүчү конференциясы өтүүдө. Бул жылы Башкы Ассамблеянын темасы “Шайлоо укуктарын соттук коргоо жана шайлоонун айкындуулугу” болду. Бул иш-чарага дүйнөнүн 150 өлкөсүнүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү катышууда. Конференциянын максаты – шайлоо укуктарын соттук коргоону жана шайлоонун айкындуулугун окуп-үйрөнүү. Мындан тышкары, борбордук шайлоо органдары менен соттордун, ЖМК өкүлдөрүнүн жана жарандардын социалдык түйүндөр аркылуу өз ара натыйжалуу аракеттешүүсүнө көмөктөшүүнүн мүмкүнчүлүктөрү талкууланмакчы.

Башкы Ассамблеянын жана эл аралык конференциянын ишине КР БШК мүчөсү Н. Арипов жана БШКнын аппаратынын эл аралык кызматтатык бөлүмүнүн эксперти Л. Кутуева катышууда.

Пленардык жыйналыштардын биринде КР БШК мүчөсү Н. Арипов “Кыргыз Республикасындагы шайлоолордогу инновациялык технологиялар жана айкындуулук” деген темада баяндама жасады. Баяндамада КР БШК тарабынан шайлоолордогу айкындуулукка жетишүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу тажрыйбасы тааныштырылды. Шайлоо процессинде инновациялык технологияларды колдонуу шайлоолордогу айкындуулукка жана аныктыкка жетишүүгө өбөлгө түөт, ал болсо, өз кезегинде шайлоого ишеним деңгээлин арттырууга алып келет.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ACEEEOго 2006-жылы ассоциацияланган мүчө катары кошулса, 2013-жылдан тартып, толук даражадагы институциялык мүчө болуп саналат.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>