Башкы Жаңылыктар КР БШК айылдык кеңештерде аял талапкерлер үчүн мандаттардын …

КР БШК айылдык кеңештерде аял талапкерлер үчүн мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин резервге калтырууну эсепке алуу менен мандаттарды бөлүштүрүүнүн механизмин ченемдик негизде бекитти

13-Сен, 2019

2019-жылы 13-сентябрда КР БШК мүчөлөрү аялдар үчүн мандаттарды резервге калтыруунун механизмин ишке ашыруу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколду толтуруу тартиби жаатында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобону кабыл алышты.

Жеке алганда, аймактык шайлоо комиссиясы ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин добуштарын кошкондон кийин маалыматтарды рейтинг боюнча протоколго киргизет.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча аялдар үчүн мандаттардын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат.

Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:

1) 2 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;

2) 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;

3) 4 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

4) 5 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

5) 6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

6) 7 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

7) 8 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

8) 9 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

9) 10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

10) 11 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

11) 12 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

12) 13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

13) 14 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат;

14) 15 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат;

15) 16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо адегенде резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

Эгерде шайлоо округунда талапкер аялдардын саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат.

Талапкерлер добуштардын бирдей санына ээ болгондо мурда катталган талапкер шайланган болуп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күндө катталган болсо, маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет.

Мандаттарды резервге калтыруунун негизинде мандат алган аял депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган кийинки талапкер аялга мандат берилет. Эгерде талапкер аялдар калбаса, тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына 79 талапкердин ичинен 16 аял катталганын эске салабыз. Бул Саруу айылдык кеңешинин үч округунун ар биринде 30% б.а. ар бир шайлоо округунда 3төн кем эмес мандат талапкер аялдар үчүн резервге калтырылат дегенди билдирет.

Саруу айылдык кеңешине бардыгы 21 депутат шайланат,  шайлоо 2019-жылы 22-сентябрда 7 мандаттуу үч округда өткөрүлөт.

Өзгөртүүлөргө ылайык Саруу айылдык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үч шайлоо округунда мандаттар төмөнкүчө резервге калтырылат:

1. 7 мандаттуу №1 Саруу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

2. 7 мандаттуу №2 Санаторий шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

3. 7 мандаттуу №3 Чабалдаев шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат.

Саруу айылдык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоодо бардыгы 21 мандатка 9 мандат резервге калтырылат

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>