Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин төрт депутатынын ыйгарым укуктарын …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин төрт депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

13-Сен, 2019

2019-жылы 13-сентябрда КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Москва, Ат-Башы жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Чүй облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:

Ташкулов Нурлан (Москва районунун Садовский айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Малоэр Хусеге өткөрүп берилди.

Нарын облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:

Жолдошев Алмаз (“Республика-Ата-Журт” фракциясы, №2, Нарын шаардык кеңеши). Мандат Нарын шаардык АШКнын чечими менен саясий партиядан шайланган депутаттан кийинки №15 талапкер Таалайбек уулу Камчыбекке өткөрүп берилди.

Аттокурова Сымбаткан (Ат-Башы районунун Ак-Жар айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Осмонкожоев Турганбекке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:

Исмаилов Нурбек (“Өнүгүү-Проргесс” фракциясы, №6, Жалал-Абад шаардык кеңеши). Мандат Жалал-Абад АШКнын чечими менен саясий партиядан шайланган депутаттан кийинки №12 талапкер Таев Элдоско өткөрүп берилди.

Нарын облусунда төмөнкүлөр өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды:

талапкер Турсуналиев Эрмек («Республика-Ата-Журт» фракциясы, № 8, Нарын шаардык кеңеши).

талапкер Телтаев Максат («Республика-Ата-Журт» фракциясы, № 11, Нарын шаардык кеңеши а).

талапкер Кыдыров Уланбек («Республика-Ата-Журт» фракциясы, № 14, Нарын шаардык кеңеши).

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты
20-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Азыркы учурда алардын эң көбү - 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Айдакеева Бегимай Кувандыковна Масалиев Исхак Абсаматовичтин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.Борбордук шайлоо комиссиясына «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан 2026-жылдын 16-ноябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Ош облусунун аймагындагы бардык шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп катталды.Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>