Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
13 сентября 2019
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Касымов Бактыбек Өмүркуловичтен, Кыдыева Акылыйма Асангуловнадан жана Мамбеталиев Назарбек Жумабаевичтен комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө түшкөн арыздардын негизинде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Касымов Бактыбек Өмүркулович – “Кыргызстан социал-демократиялык партия” саясий партиясынан, Кыдыева Акылыйма Асангуловна, Мамбеталиев Назарбек Жумабаевич – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, комиссиянын курамынан чыгарылды;
- Сабаев Мирзат Асанович – “Кыргызстандын жашылдар партиясы” саясий партиясынан, комиссиянын резервинен чыгарылды;
- Кутунаев Муратбек Борсукович, Кыдыманова Наргиза Абылаевна, Малаев Каныбек Жумалиевич – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, резервден комиссиянын курамына киргизилди.
Мүчөлөрдүн шайлоо комиссиясынын курамынан жана резервинен чыгуусунун себептери:
- үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу – 1;
- негизги иш менен айкалышпагандыгы – 2;
- Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталганына байланыштуу – 1.
Өзгөртүүлөргө ылайык шайлоо комиссиясынын учурдагы курамына саясий партиялардан 5 өкүл, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 7 өкүл кирди.
Жети-Өгүз АШКнын курамы (12 адам) төмөнкүдөй:
- саясий партиялардан 6 өкүл (“Мекен Ынтымагы”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан”, “Туран” демократиялык партиясы, “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана патриотизм партиясы, Эмгек Партиясы);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 6 өкүл.
Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 19 өкүл жана “Кыргызстандын жашылдар партиясы” саясий партиясынан 1 өкүл турат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
