2019-жылдын 13-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

12 сентября 2019

Өткөрүү датасы: 13-сентябрь 2019-ж. 
Убактысы: 11:00 
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндо

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Москва, Нарын шаардык, Ат-Башы, Жалал-Абад жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын укуктук ченемдик актыларын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамынын аялдар үчүн мандаттарды резервдөө механизмин ишке ашыруу боюнча ченемдерине ылайык келтирүү жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. Ар түрдүү маселелер

Төрага