Башкы Жаңылыктар Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер өз программаларын беришти

Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер өз программаларын беришти

12-Сен, 2019

Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын беришти.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2019-жылы 20-августта күчүнө кирген өзгөртүүлөрүнө ылайык эми талапкерлер жана саясий партиялар тийиштүү шайлоо комиссиясында талапкер, талапкерлердин тизмелери катталган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү шайлоо комиссиясына программаларын берет. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин, саясий партиялардын программаларын расмий сайтта жарыялайт.

Талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда олуттуу программалык атаандаштык болбогондуктан жана шайлоочулардын өз тандоосун аныктоо үчүн программалар жөнүндө маалыматы жетишсиз болгондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр киргизилген.

Талапкерлердин программалары:

№1 Саруу шайлоо округу

№

Ф., аты-жөнү

Көрсөтүү

1

Абдыкеримов Болот Эсентурович

Өзүн өзү көрсөтүү

2

Абдыракунов Достукбек Кудайбергенович

Өзүн өзү көрсөтүү

3

Акматов Бактияр Амантурович

Өзүн өзү көрсөтүү

4

Акпарова Назик Акпаровна

Өзүн өзү көрсөтүү

5

Акунов Тынчыбек Казиевич

Өзүн өзү көрсөтүү

6

Атабаев Саламат Ашымович

Өзүн өзү көрсөтүү

7

Дербишев Нурдоолот Жакыпович

Өзүн өзү көрсөтүү

8

Догдурбек уулу Улан

Өзүн өзү көрсөтүү

9

Ибраева Үмүткөр Ишенбаевна

«Мекен Ынтымагы»
саясий партиясы

10

Илесбек уулу Руслан

Өзүн өзү көрсөтүү

11

Исаев Адылбек Жолочиевич

Өзүн өзү көрсөтүү

12

Искаков Нурлан Табалдиевич

Өзүн өзү көрсөтүү

13

Искаков Сатыбалды

Өзүн өзү көрсөтүү

14

Касымбаев Санжар Бактыбекович

Өзүн өзү көрсөтүү

15

Кыдыкбаев Алтынбек Омурбаевич

Өзүн өзү көрсөтүү

16

Мамбетов Эсенболот Шадыканович

Өзүн өзү көрсөтүү

17

Мендибаев Кубанычбек Бейшеевич

«Мекен Ынтымагы»
саясий партиясы

18

Мукамбетов Талайбек Асанбаевич

Өзүн өзү көрсөтүү

19

Нурбек уулу Алишер

Өзүн өзү көрсөтүү

20

Орозобеков Уланычбек Орозобекович

Өзүн өзү көрсөтүү

21

Сатинов Нурбек Бекболотович

Өзүн өзү көрсөтүү

22

Сатыбалдиев Талайбек Исакунович

Өзүн өзү көрсөтүү

23

Токтонбаев Таалайбек Үсөнкадырович

Өзүн өзү көрсөтүү

24

Токторбаев Темирлан Бейшеналиевич

Өзүн өзү көрсөтүү

25

Усенов Кайратбек Аскербекович

Өзүн өзү көрсөтүү

26

Учубаев Дамирбек Аскербекович

«Мекен Ынтымагы»
саясий партиясы

27

Үлүшбаев Гүлжигит Муканбетович

Өзүн өзү көрсөтүү

28

Үмөталиева Шайымкүл

Өзүн өзү көрсөтүү

29

Чыналиев Айбек Жаныбекович

Өзүн өзү көрсөтүү

30

Чыныбаев Бакай Казыбекович

«Мекен Ынтымагы»
саясий партиясы

31

Шүкүров Акжолтой Карыпбаевич

«Мекен Ынтымагы»
саясий партиясы

32

Эсенгелдиев Төлөмүш Саякович

Өзүн өзү көрсөтүү

№2 Санаторий шайлоо округу

№

Ф., аты-жөнү

Көрсөтүү

1

Абдиев Бакыт Дюшенович

Өзүн өзү көрсөтүү

2

Абдрасулова Гульмира Аманбековна

Өзүн өзү көрсөтүү

3

Абдрахманов Данияр Карасартович

Өзүн өзү көрсөтүү

4

Абдыраев Жыргалбек Турсунович

Өзүн өзү көрсөтүү

5

Апенов Калысбек Бекболотович

Өзүн өзү көрсөтүү

6

Аскарбек уулу Улукбек

Өзүн өзү көрсөтүү

7

Жумабаева Асель Дүйшөналиевна

«Мекен Ынтымагы»
саясий партиясы

8

Закирбек уулу Арзымат

«Мекен Ынтымагы»
​​​​​​​саясий партиясы

9

Зарлыков Элмурат Кубатович

Өзүн өзү көрсөтүү

10

Искаков Талгат Сабырович

Өзүн өзү көрсөтүү

11

Искаков Элмирбек Бакирович

Өзүн өзү көрсөтүү

12

Искакова Венера Замировна

Өзүн өзү көрсөтүү

13

Калиев Улан Усенович

Өзүн өзү көрсөтүү

14

Кенжебаев Улукбек Садырович

Өзүн өзү көрсөтүү

15

Керимов Кубанычбек Жумагулович

Өзүн өзү көрсөтүү

16

Конокбаев Жаныбек Асылбекович

Өзүн өзү көрсөтүү

17

Кыдыева Акылыйма Асангуловна

Өзүн өзү көрсөтүү

18

Маданов Бекназар Акылбекович

Өзүн өзү көрсөтүү

19

Мамбеткалыков Мурзабек Токтобаевич

Өзүн өзү көрсөтүү

20

Оморова Айнур Самыйбековна

Өзүн өзү көрсөтүү

21

Өмүрбаев Алмазбек Асангазиевич

Өзүн өзү көрсөтүү

22

Сагыналиева Радгуль Сейдакматовна

Өзүн өзү көрсөтүү

23

Усупбаев Жыргалбек Абдыбекович

Өзүн өзү көрсөтүү

24

Чибутова Эльвира Макишовна

«Мекен Ынтымагы»
​​​​​​​саясий партиясы

25

Шамбетов Канатбек Дуйшонкулович

Өзүн өзү көрсөтүү

26

Шахматова Эльзат Ачеевна

Өзүн өзү көрсөтүү

27

Шералиев Аскарбек Эсенбаевич

Өзүн өзү көрсөтүү

28

Эсенкожоев Азамат Шаршенбекович

Өзүн өзү көрсөтүү

№3 Чабалдаев шайлоо округу

№

Ф., аты-жөнү

Көрсөтүү

1

Айыпов Адилет Эрмекович

«Мекен Ынтымагы»
​​​​​​​саясий партиясы

2

Акматова Самара Тентимишовна

Өзүн өзү көрсөтүү

3

Базарбаев Сабырбек Акматович

Өзүн өзү көрсөтүү

4

Досалиев Сагымбек Акматжанович

Өзүн өзү көрсөтүү

5

Дуйшеева Ардак Кеңешовна

Өзүн өзү көрсөтүү

6

Зарылбеков Нурбек Зарылбекович

Өзүн өзү көрсөтүү

7

Иманалиев Канат Тойчубекович

Өзүн өзү көрсөтүү

8

Калыкова Салтанат Кусеиновна

«Мекен Ынтымагы»
​​​​​​​саясий партиясы

9

Качкымбаева Айымкан Маткеримовна 

Өзүн өзү көрсөтүү

10

Курманов Кенжебек Дүйшөбекович

Өзүн өзү көрсөтүү

11

Мендибаев Замирбек Кубанычбекович

Өзүн өзү көрсөтүү

12

Сартбаев Эмир Жыргалбекович

«Мекен Ынтымагы»
​​​​​​​саясий партиясы

13

Сулайманов Алмаз Шергазиевич

Өзүн өзү көрсөтүү

14

Узаков Капарбек Мокешович

«Мекен Ынтымагы»
​​​​​​​саясий партиясы

15

Ургазиев Бактияр Аскерович

Өзүн өзү көрсөтүү

16

Усенбаев Арсен Арзыматович

Өзүн өзү көрсөтүү

17

Усенбаев Рысбек Мукамбетович

Өзүн өзү көрсөтүү

18

Чыныбаев Алмазбек Абдрасулович

Өзүн өзү көрсөтүү

19

Шекенбаева Клара Октябревна

Өзүн өзү көрсөтүү

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>