Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 79 талапкер катталды
07 сентября 2019
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 21 мандатка 79 талапкер катталды. Анын ичинде өзүн өзү көрсөтүү жолу менен – 67, саясий партиялардан – 12 адам көрсөтүлсө, алардын арасында 16 аял бар.
Жети-Өгүз АШК документтердин талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыктуулугун текшерди.
2019-жылы 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктаганын эске салабыз.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2019-жылдын 7-сентябрынан тартып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда (2019-жылы 21-сентябрда саат 8.00дө) аяктайт.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылы 22-сентябрда өтөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
