Нурбаев Кубатали Мураталиевич Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

06 сентября 2019

КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 6-сентябрда Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Нурбаев Кубатали Мураталиевичти Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысы деп таанышты.

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2019-жылы 28-августта болуп өттү.

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Нурбаев Кубатали Мураталиевич

1969-жылы 2-декабрда Ош облусунун Ноокат районунун Бел айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин “география” адистиги боюнча бүтүргөн (ГВ №10674 диплому, 1998-ж. 21-июнда №983 номуру менен катталган).

Эмгек жолу:

2019-ж.–Ноокат районунун эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, жетектөөчү адис;
2018-2019-жж.–Ноокат районунун Бел айылындагы А.Калыков атындагы орто мектеп, окуу бөлүмүнүн башчысы;
2012-2018-жж.–Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы, башкы адис;
2011-2012-жж.–Ноокат районунун балдардын чыгармачыл борбору, жетекчи;
2008-2011-жж.–Ноокат районунун билим берүү бөлүмү, инспектор;
2006-2008-жж.–Ноокат районунун билим берүү бөлүмү, методист;
2004-2006-жж.–Ноокат районунун Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектеби, окуу бөлүмүнүн башчысы;
1995-2004-жж.–Ноокат районунун Бел айылындагы Ю.А. Гагарин атындагы орто мектеп, география жана экономика мугалими;

1990-1995-жж.–Ноокат районунун Бел айылындагы Ю.А. Гагарин атындагы орто мектеп, эмгек мугалими.

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгы 2019-жылы 9-августта берген маалымкатка ылайык К.М. Нурбаевдин Кыргыз  Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү