Шеримбеков Бакыт Кеменканович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

06 сентября 2019

КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 6-сентябрда Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Шеримбеков Бакыт Кеменкановичти Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы деп таанышты.

Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына байланыштуу КР БШКга депутат Ж.А. Өмүралиевден Шеримбеков Бакыт тараптан депутаттарды сатып алуу болгон деген жүйөө менен башчыны шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу зарылдыгы тууралуу арыз түшкөн.

Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ Ж.А. Өмүралиевдин даттануусун,  арыз ээсинин, депутаттыкка талапкердин жана Аламүдүн ИИБнин өкүлүнүн катышуусу менен карап чыгып, даттанууну канааттандыруудан баш тартты.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный   айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 23-августта болуп өткөнүн эске салабыз.

Шеримбеков Бакыт Кемелканович 1901-жылы 1-ноябрда Ош облусунун Ош шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын “финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн (2013-ж. 25-мартта катталган диплом №CD130327090).

Эмгек жолу:

2017-2019 -жж. – Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный   айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын м.а.;

2013-2016 -жж. – “Азон” ЖЧК, башкы директор;

2004-2008 -жж.– “Red&White” ЖЧК,  бухгалтер.

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгы 2019-жылы 14-августта берген маалымкатка ылайык Б.К. Шеримбековдун Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү