КР БШК жергиликтүү кеңештердин төрт депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

06 сентября 2019

2019-жылы 6-сентябрда КР БШК Ноокат, Ат-Башы, Аксы жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ош облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:

Акматов Мурзарахим (Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Шамиева Раатка өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:

Минбаев Дөөлөтбек (Аксы районунун Кара-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Нурманбетов Нурланбекке өткөрүп берилди.

Жамгырбек кызы Кундуз (“Ата-Журт” Мекенчил партиясы” фракциясы, №3, Токтогул шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жапаров Элдиярга өткөрүп берилди (“Ата-Журт” Мекенчил партиясы” фракциясы, №4).

Соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Нарын облусунун төмөнкү депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:

Бокоев Абдылдабек (Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кадырмамбетова Жылдызга өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү