КР БШК 2019-жылы 6-сентябрда Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевичке өткөрүп берди
06 сентября 2019
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н. Мусаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу мандат депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүк боюнча Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевичке өткөрүп берилди.
2019-жылы 6-сентябрда КР БШК “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мусаев Насыр Исмазовичтин ыйгарым укуктарын түшкөн жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты бар болгондугуна байланыштуу КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевичке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды.
Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич
1966-жылы Чүй облусунун шаарында туулган. Жогорку билимдүү. К.И. Скрябин атындагы КАЧИни “агроном” адистиги боюнча (1988-ж., Фрунзе ш.), СССРдин МКК Жогорку мектебин (1992-ж., Ташкент ш.), СССРдин Ю. Андропов атындагы МКК Кызыл Туулуу Институтун (1994-ж., Москва ш.) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2014-2015-ж.ж. – КР УКМКнын Казакстан Республикасындагы расмий өкүлү, Астана ш.;
2011-2014-ж.ж. – КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Антикоррупциялык кызматтын директору;
2008-2011-ж.ж. – КР УКМКнын чалгындоо башкармалыгынын начальниги;
1993-2008-ж.ж. – КР УКМКнын чалгындоо бөлүмчөлөрүндө кызматта;
1991-ж. – КР Улуттук коопсуздук органдарында кызматта;
1990-1991-ж.ж. – Кыргызстан ЛКЖС Чүй райкому, комсомол уюмдары:
1988-1990-ж.ж. – Чүй районунун С. Ибраимов атындагы ишкана, агроном.
Аскердик наамы – полковник.
КР Улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн мезгилде төмөнкү мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган:
- “Данк” медалы (2006-ж.) – чалгындоо ишиндеги сиңирген эмгеги үчүн;
- “Эрдик” медалы (2013-ж.) – чет өлкөдө кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн.
2015-ж. январдан тартып “Кыргызстан” саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү