Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер шайлоо фондуларын түзүштү жана күрөө киргизишти
03 сентября 2019
Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына 80 талапкердин ичинен 79у шайлоо фондуларын түзүштү жана күрөө киргизишти.
2019-жылы 20-августта күчүнө кирген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер жана саясий партиялардан талапкерлер шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондуларын түзүштү, ошондой эле мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он эсе өлчөмүндө б.а. бир талапкер1 000 сом күрөө киргизишти.
Эми өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге жана саясий партиялардан талапкерлерге шайлоо фондуларын түзбөсө, жумуштарга жана кызматтарга акы төлөө, шайлоо алдындагы үгүт, шайлоо алдындагы башка иш-чараларды жүргүзүү үчүн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартылган учурда шайлоо фондуна түшкөн каражаттар талапкерлерге, кайрымдуулук кылган жана которгон уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.
2019-жылы 29-августта Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алууну аяктады.
Бардыгы 80 талапкерден арыз берилди, анын ичинде “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан – 12, өзүн өзү көрсөткөн 68 талапкер бар.
2019-жылдын 22-сентябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн эске салабыз.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
