Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча календардык планга өзгөртүүлөр киргизилди
30 августа 2019
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында 2019-жылы 30-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
