Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу

30 августа 2019

Урматтуу Кыргызстандыктар! Кадырлуу мекендештер!

Кыргыз мамлекети эгемендүүлүгүн 28-жылын белгилөөдө. 28 жыл ичинде Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүгө болгон кадамы бир катар оор, татаал тоскоолдуктарга туш болду. Элибиздин биримдигинин, эрктүүлүгүнүн, кеменгерлигинин натыйжасында ал күндөрдү артка таштап, жаңылануунун, умтулуунун үлгүсүн көрсөтө алдык. Коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, эки ыңкылаптын өзөгүн түзгөн шайлоо системасында жасалган олуттуу реформалар, орун алган өзгөрүүлөр буга бирден бир мисал. Биз бир өлкөнүн жарандарыбыз. Биздин мекенибиз дал ушул жерде, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун койнунда. Биздин ыйык милдетибиз –Кыргызстаныбызды коргоо жана аны мындан ары да өркүндөтүү! Ошондуктан баарыбыз өлкөбүздү келечекте жогору өнүккөн жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу үчүн  эмгектенүүгө тийишпиз.

Кадырлуу мекендештер!

Сиздерге бекем ден-соолук, узак жана маңыздуу өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөңүздөргө тынччылык, бейпил жашоо, иштериңизге  ийгиликтерди каалайбыз!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы